Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2011-жылдын 25-октябры № 19
Жийде-Булак айылындагы жаны бүткөн мектепке ат коюу жөнүндө
Төрт-Көл айылдык Кеңеши Жийде -Булак айылындагы жаны бүткөн башталгыч мектебине Бостон айылынын Жийде –Булак участкасынын тургундарынын элдик жыйынынын 2011-жыл 1-сентябрдагы протоколунун негизинде Улуу Ата-Мекендик согушунун ветераны жана эмгектин ардагери Даликулов Жолонбайдын ысмын мектепке ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап
Төрт-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айылдык Кеңеши Жийде-Булак айылындагы жаны бүткөн башталгыч мектепке Даликулов Жолонбайдын ысмы ыйгарылсын.
2. Даликулов Жолонбай атындагы башталгыч мектепти шефке алуу жагы Даликулов Жолонбайдын балдарына жана неберелерине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы сектор башчысы Саматова Р.жана туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Пусуров |