Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-августу №17/1
Кара-Кулжа районунун 2011-жылга Бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кара-Кулжа районунун 2011-жылга Бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндөгү Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин милдетин аткаруучу С.Баимбетовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын райондук Кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа районунун 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында кирешелер бөлүгү 26146,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 23315, 4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№ 1, № 2-тиркемелер тиркелет).
2.Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин резервдик фонду 2011-жылга 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен 185, 2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№ 3-тиркеме тиркелет).
3.Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча келип түшкөн акча каражаттарынын аткарылышы № 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Райондук жергиликтүү бюджете турган мекеме-уюмдардын бюджеттик каражаттары статьялардан статьяларга № 5-тиркемеге ылайык жылдырылсын (№ 5-тиркеме тиркелет).
5.Райондун аймагында бюджете турган мекеме-уюмдарга, айыл-округдарга берилген акча каражаттарын өз максаттарына жумшалышын туруктуу көзөмөлгө алуу жагы райондук финансы бөлүмүнүн жетекчилигине, ал эми салык оңдурууну өз деңгээлинде жөлгө койуу жактары райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгына жүктөлсүн.
6.Мугалимдердин эмгек акыларын өз убагында берилишин камсыз кылуу айылдык округдардын башчыларына, ал эми аны камсыз кылууну көзөмөлдөө жагы райондук финансы бөлүмүнө (С.Төлөнөвгө) милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Шалтаковго тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |