Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-августу №17/2
Райондук жергиликтүү бюджетке салыктарды түшүрүүдө райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча аталган мекеменин жетекчиси Р. Кыдырбаевдин маалыматы жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 29-беренесинин 2-пунктуна ылайык райондук жергиликтүү бюджетке салыктарды түшүрүүдө райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча аталган мекеменин жетекчиси Р. Кыдырбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын берген сунушун эске алып депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Райондук жергиликтүү бюджетке салыктарды түшүрүүдө райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленип, аталган мекеменин жетекчиси Р. Кыдырбаевдин берген маалыматы көңүлгө алынсын.
2.Кара-Кулжа райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын жетекчилигине (Р.Кыдырбаевге):
-Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин талаптарына ылайык райондун аймагындагы айылдык округдар, райондук мамлекеттик статистика бөлүмү, райондук жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмү жана салык төлөөчү субъектилер менен тиешелүү деңгээлде иштерди алып баруу;
-райондун аймагында сатуудан түшүүчү салыктардын жыйналышына өзгөчө көңүл буруу;
-ишкерлерге патент берүү иштерин өз деңгээлинде жөлгө койуу;
-салыктардын жана жыйымдардын жыйналышынын абалы боюнча өздөрүнүн иш планына ылайык райондун аймагында текшерүүлөрдү жүргүзүп туруу;
-жогорудагы көрсөтүлгөн иштердин аткарылышы боюнча райондук Кеңештин кезектеги туруктуу комиссияларынын жыйналышына ушул жыйналышта айтылган сын, сунуш, пикирлерди эске алуу менен кеңирилетип маалымат даярдоо жактары сунуш кылынсын.
3.Райондун аймагындагы бардык айылдык округдардын башчыларына өз аймактарындагы салык жана жыйым маселелерин өз деңгээлинде жөлгө койуу жактары милдеттендирилсин.
4.Райондун аймагындагы айылдык округдардын Кеңештеринин төрагаларына өз аймактарындагы салык жана жыйым маселелеринин абалын сессияларынын жыйналышында карап, талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алып, анын үстүнөн иштөө жактары сунуш кылынсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо райондук Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Шалтаковго тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |