Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-августу №17/3
Кара-Кулжа районунун аймагындагы Кара-Кулжа, Кеңеш жана Ылай-Талаа айылдык округдарынын башчыларынын, Кара-Гуз айылдык округунун жооптуу катчысынын кызматтык жоопкерчиликтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» 2011-жылдын 14-июлундагы № 96-Мыйзамынын 11-беренесинин 11-пунктуна ылайык райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын 2011-жылдын 11-августундагы 20-кошмо жыйналышындагы депутаттардын берген сунуштарын эске алып депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык округунун аймагындагы муниципалдык менчик объектилерди каттоого алууда жана ветеринардык талаптарды сактоодо жеткиликтүү иштерди алып барбагандыгы үчүн Кара-Кулжа айылдык округунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Байгожоев Жолчубайга, административдик-аймактык бөлүнүштөрдү аныктоодо, айыл ичиндеги жолдорду тартипке келтирүүдө жана ветеринардык талаптарды сактоодо жеткиликтүү иштерди алып барбагандыгы үчүн Ылай-Талаа айылдык округунун башчысы Маткадыров Санатбекке муниципалдык менчик обьектилерди катоодо жана ветеринардык талаптарды сактоодо жеткиликтүү иш алып барбагандыгы үчүн Кеңеш айылдык округунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Каратаев Зулпукарга, коомдук байкоочу Кеңештерди түзүүдө жеткиликтүү иш алып барбагандыгы үчүн Кара-Гуз айылдык округунун жооптуу катчысы Салиев Жоомартка Кара-Кулжа райондук Кеңешинин депутаттары тарабынан ишенбестик билдирилсин.
2.Кара-Кулжа айылдык округунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Байгожоев Жолчубайды, Ылай-Талаа айылдык округунун башчысы Маткадыров Санатбекти, Кеңеш айылдык округунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Каратаев Зулпукарды жана Кара-Гуз айылдык округунун жооптуу катчысы Салиев Жоомартты ээлеген кызматтарынан бошотуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин милдетин аткаруучу С. Баимбетовго сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Жолдубаевге тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |