Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну №19/2
Ленин айылдык округунун Күн-Элек айылындагы Күү-Там участкасындагы жерди турак жай курууга берилген адамдарга бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2011-жылдын 1-июнундагы№ 1 протоколу жөнүндө
Ленин айылдык округунун Күн-Элек айылындагы Куу-Там участкасындагы жерди турак жай курууга берилген адамдарга бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2011-жылдын 1-июнундагы №1 протоколун Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күн-Элек айылындагы Куу-Там участкасындагы 5.0 га жерди турак жай куру үчүн төмөндөгү тургундарга 0,08 га дан жер бөлүнүп берилсин (тизме №1 тиркеме тиркелет).
2.Ушул токтомдун негизинде жер аянтын чектеп,тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жаты Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына,ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты айыл чарба жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |