Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну №19/3
Ленин айылдык округунун Мурдаш айылынын тургуну 1-топтогу майып Калмурзаев Сардарбектин турак-жай салуу үчүн жазган арызы жөнүндө
Ленин айылдык округунун Мурдаш айылынын тургуну, 1-топтогу майыбы Калмурзаев Сардарбектин турак-жай куруу үчүн жазган арызын угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мурдаш айылынын тургуну 1-топтогу майыбы экендигин эске алуу менен Калмурзаев Сардарбекке Кайракы участкасынан Апанов Маматтин үйүнүн жанынан турак-жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 1-пунктунун негизинде 0,12 га жер бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун негизинде берилген жер участканын чегин чектеп, тактап иш кагаздарын бүткөрүп берүү Алай райондук архитектура жана шаар курулуш бөлүмүнө сунушталсын.
3.Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүп, даярдап берүү Алай райондук мамалекеттик каттоо бөлүмүнө сунушталсын.
4.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жер адис Ленин айылдык округунун башкы адиси Ш.Сарыковко тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |