Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну №19/4
Ленин айылдык округунун Согонду айылынын Сай участкасынын жашоочуларынын эски ФАПтын имаратын балдар бакчасына берүү жана кошумча подстанция куруп берүү арыздары жөнүндө
Ленин айылдык округунун Согонду айылынын Сай участкасынын жашоочуларынын эски ФАПтын имаратын балдар бакчасына берүү жана кошумча подстанция куруп берүү арыздарын угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айылдык округунун Согонду айылынын Сай участкасындагы подстанция жашоочуларды жарык менен толук камсыз кыла албагандыктан кошумча подстанция менен камсыз кылуу Алай райондук РЭСтен суралсын.
2.Согонду айылындагы эски ФАПтын имаратын балдар бакчасын ачуу үчүн ремонттоо иштерине акча каражат табууга проект жазып өткөрүү айыл округунун аппарат кызматкерлерине,жамааттык уюмдардын башчыларына тапшырылсын жана проект жазып өткөндөн кийин балдар бакчасына уруксат берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ленин айылдык округунун башчысы А.Салиевке тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |