Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-июну №19/6
Ленин айылдык округунун 2012-2013-2014-жылдарга бюджеттин долбоорун кабыл алуу жөнүндө
Ленин айылдык округунун 2012-2013-2014-жылдарга бюджеттин добоору боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Боронбаев Курманбектин билдирүүсүн жана Ленин айылдык округунун башчысы А.Салиевдин докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айылдык округунун бюджетинин 2012-жылга кирешелер боюнча долбоору 24904,6 миң сом жана чыгашалар бөлүгү 24904,6 миң сомго бекитилсин.
2.Ленин айылдык округунун 2013-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 25287,4 миң сомго, 2014-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 25681,7 миң сомго бекитилсин.
3.Ленин айылдык округунун атайын каражаттарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 2012-жылга 179,0 миң сомго, 2013-жылга 179,0 миң сомго, 2014-жылга 179,0 миң сомго бекитилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык округунун башчысы А.Салиевке тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |