Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-апрели №3
Жайыт комитетинин 2010-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету
Жайыт комитетинин 2010-жылдагы аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сын сунуштарды эске алуу менен Кашка-Суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин берген бир жылдык отчету, кемчилдиктерин эске алуу менен, канааттандырарлык деп табылсын.
2.Малдын эсебин тактоо жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3.Жайыт комитетине мал башына төлөнүүчү акчалай сумма 04 квитанциянын негизинде жүргүзүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун орун басары О.Шаңшоевге жана Ф.Э.Б. башчысы А.Таштемировго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Турдалиев |