Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-апрели №4
Кашка-Суу айылдык округунун 2011 - жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык округунун 2011-жылга бюджетин карап бекитүү жөнүндөгү финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Таштемировдун билдирүүсүн угуп-талкуулап депутаттардын Кашка-Суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айылдык округунун 2011-жылга жергиликтүү бюджеттен каралган суммасы алымча-кошумчасы менен киреше жагы 20776,400 сом ал эми чыгаша жагы 20776,400 сом бөлүп бекитилсин.
Киреше жагы:
жергиликтүү киреше = 1609,800 сом,
теңдөөчү грант = 4249,600 сом,
максаттуу грант = 14917,0 сом
Чыгаша жагы:
Башкаруу апаратына = 4870,500
Мектептер үчүн = 12800,900
Балдар бакчасы үчүн = 2539,0
Маданият үчүн = 288,5
Китепканалар үчүн = 179,5
Атайын каражатка = 98,0 жалпы суммасы 20776,400 сом болуп бекитилсин.
2.Жогоруда белгиленген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитип берүү жагын райондук кеңешинен суралсын.
3.Токтомдун аткарылышы айылдык округунун финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Таштемировго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Жакыповго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Турдалиев |