Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-апрели №5
Айылдык округунун улук салык инспектору П.Мурзакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулоо жөнүндө
Кашка-Суу айылдык округундагы 2011-жылга эсептелген салыктардын өлчөмдөрү, мыйзамга ылайык берилген жеңилдиктер жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө зоналдык коэффиценттердин өлчөмдөрү жөнүндө айылдык округунун улук салык инспектору П.Мурзакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кашка-Суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык округундагы жер салыгы жана башка төлөмдөр мыйзамга ылайык толук эсептелип байлансын.
2.Пенсионерлерге, көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөргө, l.ll топтогу майыптарга эшик алды үчүн 0,15 га, ал эми өз ара салыктан 10 сом, таштанды үчүн салыктан 10 сом өлчөмүндө жооптуу катчынын жана соц.адистин берген тизмесинин негизинде жеңилдиктер берилсин.
3.Айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө АЗСдерге Кен иштеткен ишканаларга зоналдык К1 коэффиценти 1,2 ге барабар деп эсептелсин.
4.Таштанды салыгынын өлчөмү 10 сом, өз ара салыгы 10 сом өлчөмүндө белгиленсин.
5.Токтомдун аткарылышы улук салык инспектору П.Мурзакановго милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдун башчысы А.Баатыркуловго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Турдалиев |