Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-апрели №7
Кашка-Суу айылдык округунун Бор-Тумшук участкасынан элге үй куруу үчүн берилүчү, менчик үй,короо-сарай салуу үчүн берилген токтомго төлөнүүчү акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык округунун Бор-Тумшук участкасынан элге үй куруу үчүн берилүчү жана короо-сарай салуу үчүн берилген токтомго төлөнүүчү акча каражатын бекитип берүү жөнүндө айылдык округунун жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча адисти З.Нармаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айылдык округунун Бор-Тумшук учаскасынан элге үй куруу учун берилүүчү жердин жана менчик үй, короо-сарай салуу үчүн берилген токтомго төлөнүүчү акча каражаты бекитилсин.
2.Айылдык округунан турак жай куруу үчүн берилүүчү токтомдун баасы 400 сом, ал эми короо-сарай (кашара) салуу үчүн берилүүчү токтомдун баасы 500 сом бөлүп бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышы айылдык округдун жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча адисти З.Нармаматовго Ф.Э.Б. башчысы А.Таштемировго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу камиссиянын төрагасы Ы.Жакыповко милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Турдалиев |