Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу №5/3
Коңур-Дөбө айылдык округунун 2011-жылдын 10-августундагы №51 токтомун бекитүү жөнүндө
Айылдык округундагы 2010-жылдын 2-июнундагы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №156-корутундусунун негизинде жер көчкүндөн жабыркаган үй-бүлөлөргө жана турак жайы жок үй бүлөлөр үчүн элдик конушка турак жайларды куру максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коңур-Дөбө айылдык округуна караштуу Кытай-Дөбө участкасындагы айыл арасындагы жайыт жерден 7,3 га жер аянтын калктуу конушка ГЕН пландын негизинде берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Райондук архитектура жана шаар куру,ошондой эле райондук мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Бегматов |