КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз VI заседаниесинин
2011-жылдын 10-сентябры №6/1
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» № 101 мыйзамына ылайык жана депутаттардын Алай райондук Кеңешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 170 сандуу катын аткаруу максатында жана Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып депутаттардын Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Регламенттин текстинде жазылган КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын.
2.Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин регламенти тиркемеге ылайык толукталсын.
3.Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына (М.Анарбаева) айылдык Кеңештин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коңур-Дөбө айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы |
Т.Бегматов |