Загрузка документа…
КОНУР-ДОБО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-сентябры №8/6
Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 6-сентябрындагы №236 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-берененин 5-бөкчөсүнө ылайык 2011-жылдын 20-сентябрында Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыгы менен Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысы болуп, айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган Жээнбеков Төлөгөн Закирович шайланды деп эсептелинсин.
2.Коңур-Дөбө айылдык округунун башчысы болуп, көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган Жээнбеков Төлөгөн Закирович Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы кызматка шайланган 20.09.2011-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Жээнбеков Төлөгөн Закировичке тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы М.Анарбаевага милдеттендирилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Бегматов |