Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 3
ФПСтин жерлерин пайдаланышы боюнча алардын там ордуна же башка бир обьектти курууга берилген, кайра бөлүштүрүү жерлеринен канча жерлер трансформацияга берилген, жер боюнча мыйзам бузуулар болгонбу, фонддун жерлеринин абалы кандай, канча жер берилген алардан түшүүчү акча каражаты өз учурунда жыйналабы ж.б.у.с.
Чоң-Алай айылдык округдук Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ФПСтин жерлерин пайдаланышы боюнча алардын там ордуна же башка бир обьектти курууга берилгенби, кайра бөлүштүрүү жерлеринен канча жер трансформацияга берилген эмес, жер боюнча мыйзам бузуулар болгон эмес, фонддун жерлерин жалпы пайдаланууда 468 га түзөт, анын ичинен 344,0 га жер аянты айдоону түзөт. Андан сырткары кайра айдоо 63.0 га, 61 га чөп чабынды алардын ижара акысынан 20.8 сом түшүргөн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттардын иштери жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Алипбеков
|