Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 4
Кара-Кыя участкасындагы мечиттин аты өзгөртүлүп маркум «ажы Осмонов Кожокматтын» атын коюу жөнүндө
Чоң-Алай айылдык округдук Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кыя участкасындагы мечиттин ысымы маркум «ажы Осмонов Кожокматтын» атына өзгөртүлсүн.
2. Мечитти казыяттан каттоодон өткөрүү райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан каттоодон өткөрүү үчүн тишелүү документтерин даярдоо жыл сайын кезектеги ремонттон өткөрүү жана кыш мезгилинде отун-суудан камсыздоо жагы маркум ажы Осмонов Кожокматтын балдарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттардын иштери жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы
|
А. Алипбеков |