Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрели №85
Жазы айылдык округунун 2011 жылга жергиликтүү бюджетинин алгачкы долбоору жөнүндө
Жазы айыл окмотунун башкы салыкчысы М. Азимованын, башкы бухгалтери Т. Мамаевдин Жазы айылдык округунун 2010 жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша болукторунун алгачкы долбоорлору жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Жазы айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айылдык округунун 2011 жылга жергиликтүү бюджетинин алгачкы долбоору:
- жалпы киреше болугу - 14 млн. 192 мин 200 сом анын ичинен: жергиликтуу кирешелер-2 млн. 728 мин сом
- максаттуу (категориялык) грант - 8 млн. 733 мин 200 сом
- теңдөөчу грант - 2 млн. 731 мин сом жалпы чыгаша болугу - 14 млн. 192 мин 200 сом деп бекитилсин.
2. Жергиликтүү кирешелердин кошумча булактарын табуу Жазы айыл өкмөтүнүн башкы салыкчысы М. Азимовага жана башкы бухгалтери Т. Мамаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук Кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жазы айылдык кеңешинин төрагасы |
Максутов Ж. |