Загрузка документа…
УЗГЕН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
13-сентябры 2011-жылдын №139
Өзгөн районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн райондук Кенешинин кезектеги XVIII сессиясы наамды ыйгаруу боюнча атайын депутаттык комиссиясынын аталган маселе боюнча сунушун угуп жана талкуулап, райондун экономикасын өнүктүрүүдө көп жылдык эмгегин, ага кошкон жеке салымын, райондун коомдук саясий турмушунда активдүү катышкандыгын эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун экономикалык – социалдык жактан өнүгүшүнө, элдин жашоо турмушунун жакшырышына салым кошуп, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн райондук Кенештин депутаты, «Бал көчөт» Акционердик коомунун төрагасы, Бусурманкулов Аттокурга Өзгөн районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Райондо коомдук – саясий абалын туруктуу болушуна укук, эмгек, аткаруучулук тартиптердин чыңалышына, элдердин достугу жана улут аралык ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн райондук Кенештин депутаты, жетекчилик кызматтарда иштеп келген, учурда ардактуу эс алууда Джумаев Кубанычка Өзгөн районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Райондун экономикалык – социалдык жактан өнүгүшүнө, элдин жашоо турмушунун жакшырышына салым кошуп, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн райондук Кенештин депутаты «Кайрат Бол» кредиттик союзунун төрайымы Исираилова Раатканга Өзгөн районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
4. Райондун экономикасын жана элге кызмат көрсөтүүнү тийиштүү денгээлде жүргүзүүгө салым кошкондугу, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн райондук Кенештин депутаты, «Ош Ак Таш» Акционердик коомунун Мырзакедеги филиалынын директору Маматов Назаралиге Өзгөн районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
5. Райондун экономикалык, социалдык - маданий жактан өнүгүшүнө салым кошуп кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшүп, бүтүндөй үй- бүлөсүндө жүрүм- туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөндүгү үчүн Ормонов Улугбек Зулпукаровичке Өзгөн районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
Өзгөн райондук кеңешинин төрагасы |
Султанов Б.К. |