Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели № 18-1/7
Байыш айылына балдар бакчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Байыш айылынын тургундарынын арызын угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун Байыш айылына балдар бакчасын куруу үчүн КБФнун жеринен 0,20 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтын бөлүп, тартып көрсөтүп берүү жагы жер адиси К.Асамидиновго милдеттендирилсин.
3. Архитектуралык чиймеге жана мамлекеттик каттоого алууга кеткен акча каражатын төлөп берүү жагы айыл округдун башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу экология, жаратылыштоы коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Абдыразаковго жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык айылдык кеңешинин төрайымы |
Т. Кадырова |