Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры №19/1
Будалык айылдык кенешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 мыйзамына ылайык жана Будалык айылдык Кеңешинин 16/1 09.09.2011-жылдагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө депутаттардын Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айылдык кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: (тиркелет)
2. Будалык айылдык кеңешинин регламенти тиркемеге ылайык толукталсын.
3. Будалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысына ( Ж. Осмонова) айылдык кеңештин регламентине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Будалык айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Тобакалов |