Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-апрели № 88
Салам-Алик айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджеттин бекитилиши жөнүндө
Салам-Алик айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетинин бекитилиши боюнча айылдык округунун ФЭБнүн башчысы-башкы бухгалтер К Нуралиеванын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айылдык округунун Кеңешинин 4-шайланган 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ФЭБнүн башчысы-башкы бухгалтер К Нуралиеванын 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын.
2. Салам-Алик айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 14757,5 сом, чыгаша бөлүгү 14720,2 миё сом суммасында аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Салам-Алик айылдык округунун 2011-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 10815,6 сом, чыгаша бөлүгү 10815,6 сом суммасында бекитилсин.
4. Кыргыз Өкмөтүнүн Каржы министрлиги жеткирген киреше бөлүгүнүн долбоорунда ашыкча көргөзүлүп калган 201700 сомду кыскартып берүү жагы каржы министрлигинен суралсын.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык округунун Кеңешинин финансы-экономика бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
Чыбышев Т. |