Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели № 87
Мырза-Аке айыл Округунун 2010- жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2011-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл Кеңеши айыл Округунун 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2011-жылга каралган бюджети менен таанышып чыгып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл Округунун 2010-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 25188,1 млн сом чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 25128,1 млн сом эсебинде же болбосо чыгашадан киреше бөлүгү 60 мин сомго ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Мырза-Аке айыл Округунун 2011-жылга карата бюджетинин чыгаша булагы максаттуу жана тендештирүү гранттары менен 17848,1 млн сомго бекитилсин.
3. Мырза-Аке айыл Округунун 2011-жылдын 1-январына үнөмдөлүнүп калтырылган 60 мин сом акча каражаты Келечек бала бакчасына 22155300 30,0 (отуз мин) сом, же болбосо жабдыктарды алуу статьясына, 22155900 30,0 (отуз мин) сом же болбосо ар түрдүү чыгымдар алуу статьясына жумшалсын.
4. Өзгөчө кырдаалдар үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 75,0 (жетимиш беш мин сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Айтбаевага милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Токошев |