Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели №17/3
Өзгөн шаарындагы «Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы» кварталдык комитеттин аталышын Кылыч Бурханиддиндин ысымын ыйгаруу менен өзгөртүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.Абдуллажановдун маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы «Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы» кварталдык комитеттин аталышын Кылыч Бурханиддиндин ысымын ыйгаруу менен өзгөртүлсүн жана Кылыч Бурханиддиндин атындагы кварталдык комитети, -деп аталсын.
2. Шаардык архитектура башкармасына жана кварталдык комитеттин төрагасы А.Анвархановко кварталдык комитеттин аталышына байланышкан уюштуруу иштерин ушул токтомго ылайыкташтыруу жаны милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) «Мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Насиров
|