Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели №17/5
Өзгөн шаарындагы «Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы» мектептин аталышына Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу менен өзгөртүү жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.Абдуллажановдун маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы «Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы» мектептин аталышы Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу менен өзгөртүлсүн жана мектептин аталышы «Чынгыз Айтматов атындагы №4 мектеби», -деп аталсын.
2. Шаардык билим берүү бөлүмүнө мектептин администрациясы менен бирдикте мектептин аталышына байланышкан уюштуруу иштерин ушул токтомго ылайыкташтыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) «Мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Насиров
|