Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-майы №106
Ак-жар айылдык округунун жайыт комитетинин сметасын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнөндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ак-Жар айылдык окргудук Кенешинин жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Ак-Жар айылдык округдук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин: 2011-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ийри муйуздуу малга бир башы үчүн-60,5 сом
Кой-эчкилерге бир башы үчүн-12,1 сом
Жылкыга бир башы учун-60,5 сом, ошондой эле кирешелери 199,755 миң сом жана чыгашалары 158,735 миң сом өлчөмдөрүндө бекитилсин (1- тиркеме)
3. Ак-Жар айылдык округунун жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык округунун башчысы М.Тагайбековго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
К.Кадыралиев |