Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты №21/1
2010-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, жылдын жыйынтыгы боюнча Корул айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Жакыповдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык округунун IV чакырылышынын X XI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык округунун 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча, Корул айылдык округу тарабынан бир катар алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Калктын саламаттыгын чындоо багытындагы улуттук жана мамлекеттик программаларынын ишке ашышын жана санитардык эпидемиологиялык бейгамдыгын камсыздоонун чараларын көрүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу жагы, ФАП башчыларына милдеттендирилсин.
3. Айылдык округунун негизин түзгөн айыл чарбасын ар тараптан интенсивдүү өнүктүрүүнүн чараларын көрүү, мал чарбачылыгын асылдандыруу боюнча алдынкы тажрыйбаларды киргизүү, сугат системасын жакшыртуу жана натыйжалуу иш алып баруу жагы жер боюнча башкы адис Э.Шариповго милдеттендирилсин.
4. Финансылык тартиптин сакталышын, ошондой эле берилген акча каражаттарынын максаттуу жана мыйзам чегинде пайдалануунун чараларын көрүү, түрткү берүүчү грант боюнча жана финансылык отчетторун өз убагында талаптагыдай аткаруу жагы, айылдык округунун финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
5. Айылдык округунун аймагындагы мектептерде окуган окуучулардын арасында коомдук жана укуктук тартип бузууга жол бербөө, окуучулар арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча эффективдүү иштерди жүргүзүү багытында ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда тыгыз байланышта болуу, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, окуучулардын туулган күндөрүн, түнкү отуруштарды, окуучулар арасында чыккан конфликттерди болтурбоо, мектепте билим сапатын жогорулатуу, бардык сабактардан үзгүлтүксүз тест менен иштөөнү өркүндөтүү жагы, мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Жакыповдун өз жоопкерчилигине милдеттендирилсин.
Корул а/округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |