Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 21/ 2
Корул айылдык округунун 2009-2010-жылдардагы бюджетинин аткарылышы, 2011-жылга айылдык округунун бюджетин кабыл алуу, 2012-13-жылдарга божомол бюджеттин пландарын кароо боюнча ФЭБ башчысы Т.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
Корул айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышынын X XI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык округунун 2009-жылга такталган бюджетинин киреше бөлүгү 10667,6 мин сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 10604,4 мин сомго аткарылгандыгы, ал эми 2010-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 9228,0 мин сомго бекитилип, айылдык округунун ФЭБ башчысы Т.Абдыкадыровдун жүргүзгөн иштери жактырылсын.
2. 2011-жылга Корул айылдык округунун киреше жана чыгаша бөлүгү сунуштар эске алуу менен 9761,7 мин сомго бекитилсин.
3. 2012-жылга Корул айылдык округунун божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 9291,4 мин сомго каралсын.
4. 2013-жылга Корул айылдык округунун божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 9449,4 мин сомго каралсын.
5. Айылдык округунун 2010-11-12-жылдарга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө түрлөрү жана тармактары боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү айылдык округунун Кенешинин токтому менен жүргүзүлсүн.
6. Корул айылдык округунун 2011-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн, ошондой эле өзгөртүүлөрдү өз максатында кириш жана чыгыш болушун камсыз кылуу жагы айылдык округунун ФЭБ башчысы Т. Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Жакыповго жана бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |