Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 21/ 3
2010-жылга Корул айылдык округунун өнүгүү планынын аткарылышы жана 2011-жылга айылдык округунун өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Корул айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Жакыповдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Корул айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын XXI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык округунун 2010-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жана индикативдик планынын аткарылышы жактырылсын.
2. Жамааттык уюмдардын демилгелеринде сунушталган негизги проектилерге (экономикалык, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө) карата 2011-жылга Корул айылдык округунун өнүгүү планы бекитилсин.
3. Корул айылдык округунун 2011-жылга түзүлгөн өнүгүү планын ишке ашырууда уюштуруучулук иш аракеттерди жүргүзүү айылдык округунун жооптуу кызматкерлерине, жамааттык уюмдун лидерлерине тапшырылсын.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык округунун башчысы К.Жакыповдун өз жоопкерчилигине милдеттендирилсин.
Корул айылдык округунун кенешинин төрагасы |
Т.Маназаров |