Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 21/ 5
Табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча өзгөчө кырдаалдар, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик боюнча башкы адиси А.Ысаковдун жүргүзгөн иштерин угуп, талкуулап Корул айылдык округунун Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча өзгөчө кырдаалдар, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик боюнча адис А.Ысаковдун аткарган иштери жактырылсын.
2. Корул айылдык округунда коопсуз жайларды бекемдөө жана сел коркунучу бар жерлерде ӨКМдин Алай райондук бөлүмү менен тыгыз байланышта иштеп, эл тарабынан жер титирөөдөн, таш кулоодон, селден, көчкүдөн, жер көчкүдөн жабырланган жарандарга жакындан жардам берүү жагы өзгөчө кырдаалдар, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик боюнча башкы адиси А.Ысаковго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Жакыповго милдеттендирилсин.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |