Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 21/ 7
Корул айылдык округунун милициянын участкалык инспектору К.Осмоновдун аткарган иштерин угуп, талкуулап Корул айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышынын XXI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык округунун милициянын участкалык инспектору К.Осмоновдун аткарган иштери жактырылсын.
2. Кылмыштуулуктун алдын алуу, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, окуучулар арасында түнкү кечелерди токтотуу боюнча ата-энелер, мектеп директорлору менен биргеликте иш алып баруу жагы участкалык инспектор К.Осмоновго тапшырылсын.
3. Участкалык инспекторго бөлмө жана күйүүчү май менен камсыздоо жагы К.Жакыповго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык округунун Кенешинин төрагасы Т.Маназаровдун өз жоопкерчилигине жүктөлсүн.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |