КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын XX заседаниеси
2011-жылдын 10-марты № 20/1
Алай райондук Кенешинин 14.03.2011-жылдагы № 59 катынын жайыт жөнүндө мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү боюнча
Корул айылдык округунун Кеңешинин IV чакырылышынын XX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды пайдалануу жөнүндө мыйзамдын негизинде Корул айылдык округунун Кенешинин аймагындагы 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жагы 15-апрелден 10-майга чейин ал эми жайлоодон көчүп келүү жагы 20-августтан 1-сентябрь айына чейин белгиленсин.
2. «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүү жана күзүндө кайтып көчүп келүү, ошону менен бирге алыскы Демей жайлоосун пайдалануу, айылдарда пада уюштуруп, Демей жайлоосуна көчүрүү жагын тездетүү жана айылдардагы чөп орунду жерлерди кайтарууга кароол дайындоо жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы М.Арзиевге, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы У.Абдразаковго, Кен-Жылга айылынын айыл башчысы К.Кожоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Жакыповго жүктөлсүн.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |