Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-марты № 20/2
Айылдык округда 2011-жылы айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыялоонун жүрүшү боюнча
Корул айылдык округунун Кенешинин IV чакырылышынын XX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округда 2011-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыялоо колдоого алынсын.
2. Айылдык округдун Кенешинин аймагында айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча иш-чараларын мектептер, ФАПтар, китепканалар, балдар бакчасы жашылдандыруу боюнча массалык иштерди уюштурушсун.
3. Бак-дарактарды олтургузуу, айылдык округунун Кенешинин өтүнүч арыздарына ылайык зарыл көлөмдө жана жогорку сорттогу ассортименттеги көчөттөр менен камсыздоо жагы жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча башкы адиси Э.Шариповго жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата айылдык округда көрктөндүрүү боюнча айылдар арасында кароо-сынактын жүрүшүнө даярдык көрүү жана жыйынтыгын чыгаруу айылдык округунда уюшулган комиссиянын курамына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу К.Жакыповго милдеттендирилсин.
Корул айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |