Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрели №4
Чек-Абад айылдык округунун бюджетинин 2010-жылда аткарылышы жана 2011-жылга айылдык округунун бюджетинин бекитүү жөнүндө
Чек-Абад айылдык округунун бюджетинин 2010-жылда аткарылышы, 2011-жылга айылдык округунун бюджетин пландаштыруу жана 2012-2013-жылдарга божомол планы каралып, айылдык округунун финансы бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан жактырылгандыгын эске алып, Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айылдык округунун кирешелер боюнча 01.01.2010-жылга кирешеден калган калдыкты кошуп эсептегенде (21671,9+562,2)=22240,1 миң сом чыгашалар боюнча 21826,0 миң сом жана кирешенин чыгашадан 414,1 миң сом артыкчылыгы менен бекитилсин.
2. Чек-Абад айылдык округунун финанса бөлүмүнүн 2010-жылдын бюджетин статьялар боюнча 21826,0 миң сом сарпталышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Чек-Абад айылдык округунун бюджети кирешелер жана чыгашалар 2011-жылга 18533,9 миң сом суммасында бекитилсин.
4. Чек-Абад айылдык округунун 2012-2013 жылдарга негизги каражаттарынын болжолу жактырылсын. Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн категориальдык грант боюнча божомолу 2012-жылга 10740,1 миң сом, 2013-жылга 10740,1 миң сом, ал эми теңдештирүүчү грант боюнча божомол 2012-жылга 4771,9 миң сом, 2013-жылга 4893,4 миң сом суммасында 2012-2013 жылдарга жактырылган айылдык округунун бюджетин божомолдуу параметрлери алар кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда тактоого алынсын 2011-жылга бекитилген категориалдык гранттын өлчөмү 10776,9 миң сом бекитилип толугу менен билим берүү тармагынын эмгек акы жана социалдык төлөмүна сарпталсын.
5. 2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети менен бөлүнгөн теңдөөчү гранттын жалпы суммасынын өлчөмү 3024,7 миң сом белгиленип чыгашалардын жалпы суммасында жергиликтүү бюджети үчүн бекитилсин.
6. Чек-Абад айылдык округунун 2011-жылга бюджетинин киреше булактары жана чыгашанын каржылоого каражаттар № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгымдарды каржылоого биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлөт. Чыгашалардын каралган беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Чыгашалардын каралган беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Айылдык округунун атайын каражаттарды казналык системасынан тышкары пайдалануусуна тыюу салынсын. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаты 820,0 миң сом белгиленип, балдар бакчаларындагы ата-энелердин бир балага айлык салымы 200 сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Чек-Абад айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
-Эгерде бул райондук бюджетинен киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 3-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө;
-Кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
10. Айыл өкмөтүнүн кирешесин айыл өкмөтүнүн бюджетине пландуу түшүүлөрдүн чегерүүлөрү № 2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
11. Айыл өкмөтүнүн 2011-жылга чыгашасын статьялар боюнча сарпталышы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. Жергиликтүү бюджетинен 2011-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгы 414,1 миң сом акча каражаттарын пайдалануусу № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. Айылдык Кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы жана бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
Чек–Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. Нуралиев |