Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-январы №1
Сессиянын катышуучулары:
1. Чек-Абад айылдык округунун башчысы, Чек-Абад айылдык округунун аппарат кызматкерлери, айыл башчылар, активдер, айылдык кеңештин депутаттарынан 15 киши катышты.
Жалпы чогулушка 45 адам. Себептүү 2 депутат катышкан жок.
Сессиянын күн тартиби:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы «Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундарын турак-жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу жөнүндөгү» 18-р буйругунун жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын 28.01.2011-жылдагы № 80 катынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө
2. Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айылдык Кеңешинин төрагасы Ш.Ахмедовдун Чек-Абад айылдык округунун Катта-Сай массивине кирген 373 гектар жер аянтын трансформациялоо жана 298 гектар жер аянтын Ош шаарынын тургундарына жеке турак жай куруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чек-Абад айылдык Кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун райондорундагыв Ош шаарында жашап иштеген жана Ош шаарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Катта-Сай массивинде жайгашкан Чек-Абад айылдык округунун балансындагы 373 гектар (280 гектар кайрак айдоо, 18 гектар көп жылдык бак-дарактар, 62 гектар жайыт, 13 гектар ыңгайсыз) жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн трансформациялоо жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн суралсын.
2. Катта-Сай массивинде жайгашкан Чек-Абад айылдык округунун балансасындагы 373 гектар жер аянтынын 298 гектары (205 гектар кайрак айдоо жер, 18 гектар көп жылдык бак-дарактар, 62 гектар жайыт, 13 гектар ыңгайсыз жер) Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» негизинде Ош шаарынын мериясынын балансына өткөрүп берилсин.
3. Чек-Абад айылдык округун тарабынан Ош шаарынын балансасына өткөрүлүп берилип жаткан 298 гектар жер аянтына (205 гектар кайрак айдоо жер, 18 гектар көп жылдык бак-дарактар, 62 гектар жайыт, 13 гектар ыңгайсыз жерлер) компенсация (жер тилкеси же акчалай түрүндө) Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы 46 мыйзамынын № 45 «Жер Кодексинин» 68-беренесинин 2чи жана 4-пункттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төлөнүп берилсин.
4. Чек-Абад айылдык округунун аймагындагы 933 жарандарды жеке турак жай менен камсыз максатында арыз менен кайрылган жарандарга алардын талабын канааттандыруу максатында 16 гектар суулудан, 6 гектар кайрак айдоо жерлерди трансформациялоо жагы да суралсын.
5. Чек-Абад айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2011-жылдын 31-январындагы IV-чакырылышынын XVI-кезексиз сессиясынын кабыл алган чечими аткарылбаса, ушул чечим өз күчүн жоготтуу деп эсептелсин.
6. Бул чечимдин бекитип берүүнү депутаттардын райондук Кеңешинен суралсын.
Чек-Абад айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ш. Ахмедов
|