Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрели №7
Чек-Абад айылдык округунун аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун аймагындагы калктуу конуштардан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айылдык округунун каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Эргашевдун билдирүүсүн угуп Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айылдык округунун аймактык коомдук өз алдынча башкарууларынын аймагындагы калктуу конуштардан таштандыларды алып чыгаруу жыйымынын өлчөмү ар бир кожолук үчүн жылына бир жолу 50 (элүү) сом болуп белгиленсин.
2. Чек-Абад айылдык округунда 1191 (бир миң бир жүз токсон бир) кожолук жеңилдиктерге ээ болгон жана аз камсыздалган үй-бүлөлөр жыйынды төлөөдөн бошотулсун.
3. Ушул жыйымдын эсептеп чыгуу жана топтоо айыл өкмөтүнүн Ф.Э бөлүмүнүн киреше сектору адистерине жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чек-Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. Нуралиев |