Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрели №9
Чек-Абад айылдык округундагы фермер жана дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнө консультативдик кызмат көрсөтүү үчүн айылдык фермерлер Кошуунуна колдоо каражатын ажыратуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Фермерлер кошунунун төрагасы М.Машрабхужаевдын билдирүүсүн угуп Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айылдык округунун 2011-жылкы бюджетинен айылдагы фермер жана дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнө консультативдык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн Фермерлер Кошуунуна каражат ажыратуу жөнүндөгү керектүү мыйзам жана жоболорду даярдоо Фермерлер Кошуунунун төрагасына тапшырылсын.
2. 2011-жылдын бюджетинен Фермерлер Кошуунуна мыйзам чегинде каражат ажыратуу жагы ФЭБнүн башчысы Р.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чек–Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Н. Нуралиев
|