Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрели №13
«Чек-Абад айыл округу жайыттан пайдалануучулар бирикмесинин 2011-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайыкАраван районунун Чек-Абад айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында:
ПОСТАНОВЛЯЕТ:
1. Чек-Абад айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин;
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
- 2011-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- Ири мүйүздүү мал (бир баш үчүн) - 125 сом;
- Кой-эчкилер (бир баш үчүн) - 25 сом;
-. Жылкылар (бир баш үчүн) - 125 сом;
- Кирешелер жана чыгашалар cметасы (№ 1-тиркеме).
3. Чек-Абад айылдык округунун жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктурасынын тиешелүү объектилери өткөрүп берилсин (2-тиркеме):
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык округу башчысынын орунбасары С.Токторовго жүктөлсүн.
Чек–Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. Нуралиев
|