Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5 апрели №11
Чек-Абад айылдык округунда ижарага жер алып дүйнөдөн кайткан ижарачыларды ижара акыларынан бошотуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык округунун жер адиси Д. Давидовдун билдирүүсүн угуп Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айылдык округунун кайра болуштуруу фондусунун жерлеринен ижарага жер алып, дүйнөдөн кайткан ижарачылар Холикова Ойлардын (2010-жылдын 9-март күнү каза болгон) 16058 (он алты миң элүү сегиз) сом, Бакиев Рахимбердинин (2008-жылдын 18-июнунда каза болгон) 2808 (эки миң сегиз жүз сегиз) сом, Холмирзаев Кобулдин (2008-жылдын 31-август күнү каза болгон) 3104 (үч миң бир жүз торт) сом бардыгы болуп 21970 (жыйырма бир миң тогуз жүз жетимиш) ижара акылары акт негизинде өндүрүүдөн чыгарылсын.(акт тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарлышынын көзөмөлгө алуу айылдык округунун жер адиси Д. Давидовго жүктөлсүн.
Чек–Абад айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Н. Нуралиев
|