Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5 апрели №12
Чек-Абад айылдык округунун КБФнун жерлерин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айылдык Кеңешинин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылдын 10-декабрындагы чогулушунун чечиминин негизинде айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айылдык округунун Гулбаар участкасындагы 68,85 га кысыраңыз жана Пахтачи айылынын 428 контурундагы 8,0 га кайрак фонд жерлеринин ижара акылары туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде бекитилсин.
1) Гулбаар участкасындагы кысыраңыз 68,85 га жердин ижара акысы 1000 (бир миң) сомдон.
2) Пахтачи участкасындагы 8,0 га кайрак жердин ижара акысы 2000 (эки миң) сомдон.
2. Ижаарчылар менен мурда түзүлүп калган ижара келишиминдеги ижара акылары туруктуу комиссиянын чечимини негизинде өзгөртүрүлсүн.
3. Гулбаар участкасындагы 68,85 га кысыраңыз жана кайрактагы 98,30 гакайра бөлүштүрү фондусунун жерлеринен ушул участкасынын башчысы О.Норкулов менен 5-жылдык мөөнөткө келишим түзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Чек–Абад айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Нуралиев
|