Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели № 15/1
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 5-апрелинде кабыл алган «Кара-Кулжа районунун 2010-жылдагы райондук бюджетининин аткарылышы, жылга райондук бюджети жана 2012-2013-жылдарга райондук бюджеттин божомолу жөнүндөгү» №14\1-токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктунун 2-пунктчасына, 62-беренесинин 3-пунктуна жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык «Кара-Кулжа районунун 2010-жылдагы райондук бюджетининин аткарылышы, 2011-жылга райондук бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолдуу райондук бюджетинин божомолу жөнүндөгү» Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин милдетин аткаруучу С.Баимбетовдун маалыматын, райондук бюджет боюнча берген корутундусун, депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын чечими менен берилген сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин милдетин убактылуу аткаруучу С.Баимбетовдун «Кара-Кулжа районунун 2010-жылдагы райондук бюджетининин аткарылышы, 2011-жылга райондук бюджети жана 2012-2013-жылдарга райондук бюджеттин божомолу жөнүндөгү» маалыматы көнүлгө алынуу менен райондук мамлекеттик администрация тарабынан 2010-жылга бекитилген райондук бюджетти аткарууну уюштурууда жетиштүү денгээлде иш жүргүзбөгөндүгү райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын-акимдин милдетин аткаруучуга көрсөтүлсүүн.
2. Кара-Кулжа районунун 2010-жылга бекитилген райондук бюджетин чыгымдоодогу финансылык операцияларды жүргүзүүдө орчундуу кемчилдиктерди кетирүүгө жол бергендиги үчүн райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.Толоновдун мурда кызматтык жаза албагандыгы эске алынуу менен ага райондук мамлекеттик администрация тарабынан кызматтык жаза катары эскертүү берилгени эске алынсын жана райондук финансы, казына бөлүмдөрү тарабынан дагы ушундай кемчилдиктер кайталана турган болсо иштери укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилээри алардын эстерине салынсын.
3. Райондук казына бөлүмүнүн жетекчиси Г.Умоталиева тарабынан райондук финансы бөлүмүнөн финансыланган акча каражатын статьялар боюнча туура, так болуп бербей башка статьяларга берип жибергендигин эске алуу менен мындан нары райондук казына бөлүмү тарабынан мындай кемчилдиктерди болтурбоого чара көрүү жагы райондун мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине сунуш кылынсын.
4. Р.Абдыкадыров атындагы музыкалык мектептин директору И.Мырзаибраимванын, Б.Бегиев атындагы гимназия класстары бар орто мектептин директору З.Жапаркулованын райондук бюджеттен каржыланган акча каражаттарын туура эмес, максатсыз пайдалангандыктары үчүн алардын кызмат ордун чечүү жагы райондук маданият бөлүмүнүн башчысы И.Турганбаевге жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.Дыйкановго милдеттендирилсин.
5. «Сур-Таш» таза суу ичүүчүлордүн бирикмесинин жетекчиси К.Жусуевдин, башкы эсепчиси Г.Макешованын 2010-жылдагы райондук бюджеттен каралган акча каражаттары боюнча эч кандай иш жүргүзбөгөндүктөрү белгиленсин жана 2010-жылдагы райондук бюджеттен каралган акча каражаттарын кайрадан тактап бул мекеме боюнча эсептеп чыгуу жагы райондук Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Райондук бюджетте турган мекеме, уюмдарга 2011-жылы республикалык бюджеттен чыгашаларынын айрым бөлүмдөрү боюнча каржыланбай калган чыгымдары 2012-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы Кара-Кулжа райондук финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
7. Кара-Кулжа районунун бюджетинин кирешелери менен чыгашалары 2011-жылга 36433.9 мин сом өлчөмүндө жана 2012-жылга 36620.0 мин сом, 2013-жылдарга 36820.0 мин сом өлчөмдөрүндөгү болжолу бекитилсин.
8. Райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фонду 340.0 мин сом болуп белгиленсин. ( №3-тиркеме тиркелет).
9. 2011-жылга райондук бюджеттин жана 2012-2013-жылдарга болжолунун кирешелеринин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. (№1-тиркеме тиркелет). Райондук бюджеттин чыгаша бөлүгү «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык (14-январь 2008-жыл №14) 2011-жылга түшүрүлө турган кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленип ,керектелүүчү бюджеттин жетишпеген 6108.2 мин сом өлчөмүн жыл ичинде республикалык бюджеттен өткөрүлүп берилүүчү каражат түрүндө кошумча бөлдүрүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинен суралсын.
10. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджета жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык 30 пайыз өлчөмүндө салык агенттигине төлөнүүчү киреше салыгынан жана сатуудан алынуучу салыгынын өлчөмүнүн 25 пайызы райондук бюджетке өткөрүүлөрдүн өлчөмдөрү 2011-жылга №2-тиркемеге ылайык аныкталсын (№2-тиркеме тиркелет).
11. Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттар билим берүү тармагындагы приоритеттуу багыттарды каржылоого жумшала тургандыгы жана тендештирүүчү грант биринчи кезекте социалдык чойронун эмгек акыларына жана социалдык фонддун чегерүүлөрүнө багытталышы белгиленсин.
12. Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясына таешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативтик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүн көлөмдөрүнүн, баалардын денгээлдеринин, инфляциянын денгээлинин, райондо бөлүп жаткан башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чойродогу тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялары боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип туруу райондук Кеңештин сессияларында каралып бекитиле тургандыгы белгиленсин.
13. М.Жунусов атындагы Кара-Кулжа райондук аймактык ооруканасынын канализациясын ондоого жергиликтүү райондук бюджеттин экономикалык маселелер боюнча (704) тармагынын «башка категорияларга алып барылбаган экономикалык маселелер» боюнча башка чыгымдарына 250 мин сом каралсын (7049090).
14. Бул токтомдун аткарьшышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуупук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратына тапшырьшсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К.Алиязов
|