Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №13\1
Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин милдетин аткаруучу С.Баимбетовдун 2010-жылда райондун аймагында райондук мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жана 2011-жылда аткарыла турган иштер боюнча берген маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктунун 5-пунктчасына жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун 5-пунктчасына, 8-главасынын 8.12-пунктуна ылайык Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин милдетин аткаруучу С.Баимбетовдун 2010-жылда райондун аймагында райондук мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жана 2011-жылда аткарыла турган иштер боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин милдетин аткаруучу С.Баимбетовдун 2010-жылда райондун аймагында райондук мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жана 2011-жылда аткарыла турган иштер боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин милдетин аткаруучу С. Баимбетовго мындан нары жүргүзө турган районду жетектоо иштеринде:
-райондук бюджеттин жана резервдик фонддун өз максаттары боюнча пайдалануусун колго алуу,
-райондук бюджетке бюджеттен сырткаркы каражаттарды таап толуктоо,
-райондун аймагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу,
-райондун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча кабыл алынган пландардын өз мөөнөтүндө аткарылышына жетишүү,
-райондун аймагындагы өткөрүлгөн элдик жыйындардан, айылдык округдук Кеңештердин жана райондук Кеңештин сессияларынан райондук мамлекеттик администрациянын дарегине келип түшкөн сын,сунуш, өтүнүч, пикирлерди ишке ашыруунун үстүнөн үзгүлтүксүз иштоо,
-райондук Кеңештин кийинки сессиясынын жыйналышында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берүү,
-райондун аймагындагы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук жана эмгек тартибин күчөтүү жактарын эске алуу жагы сунуш кылынсын,
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин бардык туруктуу комиссияларына жана райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
А. Алишов
|