Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №13\2
Кара-Кулжа районунун 2010-жылдагы социаддык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2011-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжоддуу планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктунун 1-пунктчасына жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кара-Кулжа районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжоддуу экономикалык планы айыл Өкмөттөрдүн башчыларынын жана мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук Кеңештин туруктуу комиссиясынын кошмо жыйналышында каралып алымча-кошумчалары менен толукталгандыгына байланыштуу депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана бул багыттагы 2011-жылдагы аткарыла турган иштери жөнүндө Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси У.Козубаевдин берген маалыматты көнүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга чейин комплекстуу өнүгүүсүүн улутгук стратегиясынын негизинде түзүлгөн Кара-Кулжа районунун 2011-жылга социаддык - экономикалык жактан өнүгүүсунун экономикалык болжоддуу планы жактырылсын (№1-2-3-4-5-6-7-8-9-10-11-12-13-14 тиркемелер тиркелет) жана анын аткарылышын камсыз кылуу. жаты айылдык округдардын башчылары менен мекеме-уюмдардын жетекчилерине, менчигинин түрүнө карабастан бардык субьектилердин башчыларына милдеттендирилсин.
3. Райондун 2011-жылга белгиленген экономикалык болжоддуу планында көрсөтүлгөн айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүнү көбөйтүү, дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуу, мал чарбасын өнүктүрүү, андан өндүрүлүп алынган азык түлүктөрдүн сапатын жакшыртуу менен азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында өстүрүлгөн түшүмдү, алына турган айыл-чарба азык-тулукторун көбүрөөк өндүрүп алып калкты жетээрлик сандагы азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүү жаты айылдык округдардын башчыларына жана дыйкан-фермердик чарбалардын жетекчилерине тапшырылсын.
4. Коомдук малдын жүгүштүү ооруларынын адд алуу максатында, эпизоотиялык профилактикалык иш чараларды жүргүзүүнү күчөтүп, ветеринардык иштерди жогорку денгээлде жүргүзүү, малдардын асыл - тукумдуулугун, породалык составын жакшыртуу менен талаачылык иштеринде жаны тажрыйбаларды, технологияларды пайдаланууну кенири жүргүзүү жаты айылдык округдардын башчыларына, райондук ветеринардык башкармалыкка жана райондук агрардык өнүктүрүү департаментине милдеттендирилсин.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
А. Алишов
|