Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №13\6
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2008-жылдын 30-октябрында №6\6-токтому менен кабыл алынган "Кара-Кулжа районунун аймагындагы билим, тарбия берүү, маданий, саламаттыкты сактоо, диний, спорттук мекемелерге жана көчөлөргө ат коюу жана алардын аттарын өзгөртүүнүн тартибин жөнгө салуу боюнча Жобого" айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгу» Мыйзамынын 28-беренесинин 1-пунктуна, 32-беренесинин 2-пунктуна ылайык райондук Кеңештин депутаттарынын сунуштарын утуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин 2009-жылдын 30-октябрында №6\6-токтому менен кабыл алынган "Кара-Кулжа районунун аймагындагы билимтарбия берүү, маданий, саламаттыкты сактоо, диний, спорттук мекемелерге жана көчөлөргө ат коюу жана алардын аттарын өзгөртүүнүн тартибин жөнгө салуу боюнча Жобонун" IV бөлүгүнө төмөндөгүдөй кошумча пункут киргизилсин:
" 4.3. 4.1-пункутта көрсөтүлгөн критерийлерден сырткары мекемеге, же көчөгө аты коюлуп жаткан адамдын, же анын жакын адамдарыньш аталган мекемеге, же көчөгө өзгөчө кошкон материалдык жардамдары (меценанттык кылуусу)."
2. Аталган Жобого ушул токтомдун 1-пункутундагы толуктоолорду киргизүү жаты райондук Кеңештин жооптуу катчысы К.Абдыразаковго тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
А.Алишов
|