Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №13\7
"Кара-Кулжа райондук кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгу Жобо" жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгу» Мыйзамынын 32-беренесинин 3-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4,27,28-пункттарынын негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184-токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун окулчулуктуу органдарыньш ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгу типтуу Жобону» жетекчиликке алып депутаттардьш Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Кулжа райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгу Жобо» бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184-токтомунун талаптарына ылайык 2009-жылдын 7-августунан бери райондук Кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар райондук «Мезгил үнү» гезитине жарыялансын жана 2009-жылдын 7-августунан бери жана 2011-жылы райондук Кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды официалдуу түрдө жарыялоого, расмий (орус) тилге которууга, тиешелүү канцеляриялык буюмдарды алууга, гезитке жарыялоого жана мамлекеттик реестрге киргизүүгө жумшала турган акча каражаттарын 2011-жылдын бюджетине киргизүү жагы райондук финансы бөлүмүнө (С.Толонов) милдеттендирилсин.
3. Райондук Кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды атайын журналга каттоодон өткөрүү жана аларды мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди 2011-жылдын март айынан баштап жүргүзүү жактары райондук Кеңештин жооптуу катчысы К.Абдыразаковго тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
А.Алишов |
| Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы кезектеги он үчүнчү сессиясыньш жыйналышынын №13\7-токтомуна Тиркеме. Кара-Кулжа райондук кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү
|
Жобо
1. Кара-Кулжа райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү Жобо (мындан ары-Жобо) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184-токтому менен бекитилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун окулчулуктуу органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү Типтуу жобого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан.
2. Кара-Кулжа райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актылары өзунон жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кара-Кулжа райондук Кеңеши тарабынан өз компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынат. Кара-Кулжа райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актылары (мындан нары-ченемдик укуктук актылар) токтом түрүндө чыгарылат жана аларга райондук Кеңештин торагасы кол коёт.
3. Райондук Кеңештин ченемдик укуктук актыларын-токтомдорун райондук Кеңештин аппараты каттайт.
4. Ченемдик укуктук актыларды каттоо алардын төмөнкүдөй реквизиттери көрсөтүлүү менен ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журнал га жазуу жолу менен ишке ашырылат:
1) актынын туру көрсөтүлөт,
2) ушул ченемдик укуктук акты жөнгө сатуучу предметти билдирген аталыш,
3) кабыл алынган жер жана күн,
4) каттоо номери.
5. Ченемдик укуктук актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
6. Ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү аларды каттаган органдар тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө ченемдик укуктук акты жарыяланган күнү жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүктөрү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине алар өздөрүнө келип түшкөн күнү жөнөтүшөт.
7. Ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте катталууга тийиш.
8. Ченемдик укуктук акты (анын түзүмдүк элемента) мыйзамда белгиленген тартипте Конституцияга ылайык келбейт, же жараксыз деп табылса, ал жөнүндө маалымат тиешелуу сот тарабынан ушул ченемдик укуктук актыны каттаган райондук Кеңештин аппаратына соттун чечими күчүнө кирген күнү жиберилет. Ушул ченемдик укуктук актыны каттаган аппарат андай маалыматты алган күнү Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин тиешелуу аймактык бөлүгүнө соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Соттун жүйөлүү чечими акыркы (кат жүзүндөгу) формада ал күчүнө кирген күндөн баштап 10 күндүн ичинде райондук Кеңештин тийиштүү аппаратына жөнөтүлүүгө тийиш, аппарат болсо соттун чечимин алган күнү аны Юстиция министрлигинин аймактык бөлүгүнө жиберет.
Соттун ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуу жөнүндө чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда, андай чечим аны кабыл алган сот тарабынан ушул пунктта каралган тартипте жиберилүүгө тийиш. Депутаттардьш Кара-Кулжа райондук
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
А.Алишов
|