Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №13\8
Кара-Кулжа районунун көөмчүлүгүнүн Кеңешинин курамы жөнүндө
«Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесине, ушул багытта кабыл алган Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 5-февралындагы №08-токтому менен бекитилген «Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгу Жобонун» 4.2, 4.3-пунктарына ылайык Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын берген сунушун жана райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун коомчулугунун Кеңешинин курамы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1. Мырзаматов К. -райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары
2. Мырзаибраимов Шадыбек райондук -«Мезгил уну» гезитинин редактору
3. Сасыгулова Зина -билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы
4. Сатыбаев Ибраим -райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары
5. Сайдинова Рахат райондук -үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы
6. Кадырбеков Муса -Райондук дене-тарбия жана спорт комитетинин торагасы
7. Шокоев Муса -Ш.Жээнбеков атындагы лицейдин директору
8. Козубаев Торош -Райондук балдарөспүрүмдөр дене тарбия клубунун директору, райондук Кеңештин депутаты
9. Салибаев Мамытбек -«Кыргызтелеком» Акционердик коомунун райондук бөлүмүнүн директорунун орун басары, райондук Кеңештин депутаты
10. Салиев Ноябидин -райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы
11. Эркинбаев Нурмамат -Кара-Кулжа айылдык округунун аксакалдар сотунун төрагасы
12. Аматов Данияр -Райондук социалдык фонддун башкы адиси
2. Кара-Кулжа районунун коомчулугунун Кеңешинин курамы менен «Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгу Жобонун» талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
А.Алишов
|