Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-июлу № 2/2
Кабылан-Көл айылдык округундагы калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык округундагы калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жөнүндөгү депутат Т.Эшмаматовдун маалыматын угуп, Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кабылан-Көл айылдык округундагы калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы жана малдын жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Ветсервис башчысы Ташполотов Далибайдын жүргүзгөн иштери канааттандыралык деп табылсын.
2.Мындан ары да калка ветеринардык кызмат көрсөтүүнү сапаттуу жүргүзүү Ветсервис башчысы Д. Ташполотовго тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабылан-Көл айылдык округ башчысына тапшырылсын
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Акаев |