Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25 -июлу № 2/3
Калктын ден – соолугун чыңдоо боюнча ФАПтын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кабылан-Көл айыл округ калкынын ден – соолугун сактоо жана чыңдоо боюнча округдагы ФАПтын жүргүзгөн иштери жөнүндө депутат У.Кадыркуловдун даярдаган маалыматтарынын негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл округундагы калктын ден – соолугун сактоо жана чыңдоо боюнча ФАПтын жүргүзгөн иштери жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
2.Калктын суроо - талаптары боюнча медициналык кызматтарды өз убагында көрсөтүү ФАП жетекчиси Т.Насировага милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү депутат У.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ш.Акаев |