Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-авугсту № 3/2
Кабылан-Көл айылдык округунун аймагындагы Айыл округдун аймагындагы социалдык объектилердин күз-кышка карата даярдыгы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл округунун аймагындагы мектептер, ФАП, балдар бакчасы жана башка мекеме ишканалардагы күз- кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө депутат М. Кулмаматовдун даярдаган маалыматын угуп,талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кабылан-Көл айыл округунун аймагындагы мекеме ишканалардын отун – көмүр менен жетиштүү камсыз кылуу айыл округ башчысына тапшырылсын.
2.Мекеме ишканалардын мештерин тазалап, терезелерин жылуулоо иштерин 15-октябрга чейин бүткөрүү мекеме ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабылан-Көл айылдык округ башчысына тапшырылсын.
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Акаев |