Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 –жылдын 8-апрели № XIX/71
Мады айылдык округдук кенешинин 2010-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга айылдык Кенештин бюджетин бекитүү жөнүндө
Мады айылдык округдук кенешинин 2010-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга карата республикалык бюджети жонундогу» мыйзамынын жана айыл Окмотунун финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Шабдановдун докладынын негизинде Мады айылдык округдук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга карата Мады айылдык округдук кенешинин бюджетинин кирешелери жана чагашалары 31132,9 мин сом өлчөмдө бектилсин.
2. Айылдык округунун аймагындагы мекеме иш-каналар атайын эсеп каражаттарына түшкөн акчаны регионалдык казына бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүшсүн, өз алдынча кассадан чыгымдоого жол берилбесин.
3. Атайын эсеп каражаттарында көрсөтүлгөн чыгымдар өз статьялары жана бөлүмдөру боюнча бөлүштүрүлсүн жана корголгон статьяларды биринчилерден болуп каржылоо жагы каралсын. (эмгек акы, соц. фонд, тамак аш жана башка).
4. Штаттык бирдиктерге сметада каралган эмгек акы фондунан ашпастан өзгөрүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
5. Айылдык округунун башкаруу аппаратында жалпы саны 44,5 штат: анын ичинен 10 айыл башчы ,6 Вус испектору жана 7,5 тейлоо кызматкерлери бекитилсин.
6. Жыл ичинде айылдык округдун башчысына айылдык округдун бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
7. Айылдык округдун 2010-жылдан калган калдык кирешесинин эсебинен 104,7 мин сом акча каражаты 2011-жылга кошумча сметасы бекитилсин.
8. Мады айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 38640,3 миң сомго, чыгаша бөлүгү 38535,5 миң сомго аткарылганы менен бекитилсин. (Тиркемеси тиркелет)
9. Мады айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин кирешесинен 1% өлчөмүндө резервдик фондко киргизилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун финансы, бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мады айылдык кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу |
А.Коккозов |